Аялдар бара турган мазарлар жана аялдар өткөрө турган чакан кудайлар

Авторлор

  • Нурия Эрмекбаевна Сапиева

Ачкыч сөздөр:

Культ Умай, женская могила, паломничество, Бисейшемби, Мушкуль Кишот, обряд.

Аннотация

Бул макала Фергана өрөөнүнүн түштүк-батышындагы аялдар бара турган мазарлар жана аялдар гана өткөрө турган чакан кудайылар тууралуу болмокчу. Фергана өрөөнүнүн түштүк- батышындагы калктын көз карашында, табият күчтөрүн ыйыкташтырууга негизделген ырым-жырымдар жана жөрөлгөлөр бар. Ыйык дарактарды, булактарды, тоолорду жана таштарды ыйык тутуп, аны менен бирге зороастризм, тотемизм жана Умай эне менен байланышкан ишенимдердин калдыктарын өз ичине камтыган ырым-жырымдар жана жөрөлгөлөр сакталган. Уютку сыңары түпкү маңызы сакталып, исламдагы салттар менен жуурулушкан үй-бүлөлүк жана тиричилик ырым-жырымдары сакталып калган. Ырым-жырымдардын жана жөрөлгөлөрдүн эң туруктуу калдыктары катары аялдардын ыйык жерлерге зыяратка баруусундагы ырым-жырымдар жана алар уюштурган жөрөлгөлөр болуп эсептелет. Аткарылган ырым-жырымдардын комплексин талдоонун негизинде аялдар ыйык жерлерге зыяратка барганда жана жөрөлгөлөрдү өткөрүүдө, исламга чейинки ишенимдерге таандык иш-аракеттерди жасоосу бизге маалым болду. Методдор: аялдар бара турган мазарлар жана аялдар гана өткөрө турган жөрөлгөрдү изилдөө учурунда негизинен теориялык жана эмпирикалык изилдөө методдору колдонулду. Жыйынтык: Фергана өрөөнүнүн түштүк-батышындагы кыргыз аялдары бара турган мазарлар жана аялдар гана өткөрө турган жөрөлгөлөрдүн чөйрөсү аркылуу алардын этно-маданиятындагы өзгөчөлүктөр аныкталды.

Шилтемелер

Автордун талаа дептери. №2. 2016. №4. 2018.

Андреев М.С. Средне-Азиатская версия Золушки (Сандрильоны). Св. Параскева Пятница. Диw-и Сафид Из материала по мифологии таджиков. Ташкент.1927

Грач А.Д. Древнетюркские изваяния Тувы. По материалам исследований 1953-1960 гг. [Текст]/ А.Д.Грач. - М.: [б.и.], 1961. 238 с.

Кызласов, Л.Р. Очерки по истории Сибири и Центральной Азии [Текст]/Л.Р.Кызласов. - Красноярск, [б.и.], 1992. - 222 с.

Малиновский Б. Магия, наука и религия. М.: Рефлбук, 1998. С.97.

Малов С.Е. Памятники древнетюркской письменности Монголии и Киргизии [Текст]/ С.Е.Малов. - М.: [б.и.], 1959. с- 106 . 215.

Сухарева О.А. Ислам в Узбекстане.Ташкент. 1960.с. 39-40.

Стеблева И.В. К реконструкции древнетюркской религиозномифологической системы [Текст]/ И.В.Стеблева. Тюркологический сборник 1971. М.: Наука, 1972. С. 215.

Жүктөөлөр

Жарыяланган

2025-01-26

Кантип шилтеме берүү керек

Аялдар бара турган мазарлар жана аялдар өткөрө турган чакан кудайлар. (2025). КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН КАБАРЛАРЫ, 3, 73-82. https://journal.uia.gov.kg/index.php/main/article/view/495