ОШ ШААРЫНЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН КАМПУСТАРЫН (АЙМАГЫНЫН) ЖАШЫЛДАНДЫРУУ СИСТЕМАСЫН ИЗИЛДӨӨ ЖАНА ЖАКШЫРТУУ
Ачкыч сөздөр:
озеленение, ландшафтная организация, высшее учебное заведение, город Ош, экология, эстетика, градостроительство, подбор ассортимента растений, санитарно-гигиеническая оценка, архитектурный ансамбль, устойчивые растения, функциональная зона, экологическое равновесиеАннотация
Бул макала Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын (ЖОЖ) аймактарын жашылдандыруунун эстетикалык, экологиялык жана функционалдык маанисин илимий негизде талданды. ЖОЖдор шаардык жашылдандыруу тутумунда өзгөчө орду бар жана шаар түзүүчү маанилүү фактор катары каралат. Макаладагы изилдөөнүн негизги максаты — шаар чөйрөсүнүн терс экологиялык таасирлерин (газ, чаң, ызы-чуу) эске алуу менен, ЖОЖдордун аймактарын илимий негизделген ландшафттык уюштуруу ыкмасын иштеп чыгуу жана тұруктуу өсүмдүктөрдүн оптималдуу ассортиментин сунуштоо. Изилдөөгө Ош шаарындагы төрт ири жогорку окуу жайдын (ОшМУ, ОшТУ, ОшМПУ, КӨЭАУ) аймактары киргизилген. Ландшафттык баалоо жашылдандыруу деңгээлинин пайыздык үлүшүн, өсүмдүктөрдүн абалын, санитардык-гигиеналык жана эстетикалык көрсөткүчтөрүн аныктоого негизделген. Изилдөөнүн негизги жыйынтыктары: өсүмдүктөрдүн абалы жалпысынан канааттандырарлык, бирок айрым аймактарда куураган дарактарды алмаштыруу зарыл; эң жогорку эстетикалык жана санитардык-гигиеналык көрсөткүчтөр Юго –Восток шаарчасындагы жогорку окуу жайларынын аймактарында катталган; жолдорго жакын жайгашкан окуу жайлар үчүн жашылдандыруунун шаардык чаңдан жана газдан коргоочу функциясын күчөтүү зарылдыгы белгиленген. Берилген сунуштар: туруктуу, декоративдүү жана экологиялык жактан активдүү өсүмдүктөрдүн (мисалы, тикенектүү көк карагай, долоно, ак терек, жиде) түрлөрүн көбөйтүү; ЖОЖ аймактарын функционалдык зоналарга (окуу-тажрыйба, парктык, турак жай, спорттук, чарбалык) бөлүү; архитектуралык объекттер менен жашыл мейкиндиктерди бирдиктүү ансамблде уюштуруу, студенттер үчүн эстетикалык жана экологиялык жактан ыңгайлуу шарт түзүү. Изилдөөнүн илимий жаңылыгы: ЖОЖдордун аймактарын жашылдандыруунун жана ландшафттык уюштуруунун принциптери Ош шаарынын контекстинде биринчи жолу комплекстүү түрдө изилденип, практикалык сунуштар иштелип чыкты.
Шилтемелер
Абсатаров Р. Р., Мамасадык уулу А., Жусупали уулу Т., Маметова К. К. Накопление тяжелых металлов в листьях некоторых древесных растений города Ош. Бюллетень науки и практики / Т. 10. №11 2024 – С. 45-50. https://bulletennauki.ru
Боговая И. О., Фурсова Л. М. Ландшафтное искусство. Москва, 1988. 223 с.
Мамаева С. Г., Мамасадык уулу А., Пикир уулу А., Маметова, К. К. Шаардык парктардын рекреациялык-эстетикалык функцияларын баалоо (Ош шаарынын мисалында) [Текст]: / [Текст]: / Известия НАН КР, 2023 №8, С. 348-358 Downloads/ Известия НАН КР, №8 PDF (1).pdf.
Мамытов, С. (2021). «Түштүк Кыргызстандагы климаттык шарттарга туруктуу дарак-бадал түрлөрүнүн ассортименти». Кыргыз илиминин жарчысы, № 3(58), 45-52-бб.
Осмонов, К. (2017). «Жогорку окуу жайларынын кампустарын ландшафттык уюштуруунун функционалдык негиздери». Архитектура жана курулуш журналы, № 1, 101-109-бб.
Сейитбеков, Т. (2019). Шаардык чөйрөдөгү өсүмдүктөрдүн фитонциддик жана газга туруктуулук касиеттери. Бишкек: Агрардык университеттин басмасы.
Теодоронский В. С. Боговая, И. О. Объекты ландшафтной архитектуры. Москва, 2003. 300 с.
Уметалиева Н.К., Шамшиев Б.Н. Бишкек шаарынын негизги жашылдандырылган аймактарынын бадал-дарактарын инвентаризациялоо. Известия ВУЗов Кыргызстана. 2023. №1. С. 88-93.