КЫРГЫЗ ЭЛДИК МУЗЫКАЛЫК АТКАРУУЧУЛУК ӨНӨРҮНҮН ЗАМАНБАП ТЕНДЕНЦИЯЛАРЫ
Ачкыч сөздөр:
народная традиционная музыка, устное профессиональное исполнительство, традиция, эстрадная музыка, тенденция, идеология, духовное развитие, искусство, эстетика.Аннотация
Кыргыз элдик салттуу музыкалык аткаруучулук өнөрү нечен кылымдардан бери элдин жашоо-тиричилиги менен эриш-аркакта калыптанып, өзүнүн өнүгүүсүн улантып, бүгүнкү күнгө чейин келип жетти. Элдик салттуу музыкалык аткаруучулук өнөр – бул элдин музыкалык маданиятындагы эң маанилүү жана орчундуу бөлүктөрүнүн бири катары эсептелет. Макалада, кыргыз элдик салттуу музыкалык аткаруучулук өнөрүнүн эгемендүүлүктү алган жылдарынан берки, элдин жашоо-турмушу, ой-тилеги менен айкалышкан заманбап өнүгүү жолу каралат. Ошондой эле, заманбап өнүгүү жолуна шартталган, анын негизги тенденциялары тууралуу сөз кылынат.
Шилтемелер
Жакыпов К. Ааламдашуу шартында кыргыз элдик аспаптык аткаруучулук өнөрүн сактоо жана өркүндөтүү процессинде көркөм билим берүүнүн ролу [Текст]. “Кыргыз Республикасынын УИА Кабарлары” илимий журнал, № 2. – Б.; 2018. – 135-139-беттер.
Дюшалиев К. Ш. Салттык музыка: теориясы жана усулдары (окуу-усулдук куралы) [Текст].– Б.: 2012. – 188 б.
Касей М. Элдик музыкадагы фольклордук жана профессионалдык аткаруучулуктун салттуулугу [Текст]. “Кыргыз Республикасынын УИА Кабарлары” илимий журнал. – Б.; 2019. – 109-113-беттер.