УЛУТТУК ОЮНДАР – КЫРГЫЗ МАДАНИЯТ БОРБОРУ

Авторлор

  • А. Ж. Боронбаев Ош мамлекеттик университети, Ош шаары, Кыргыз Республикасы
  • А. Осмонова Ош мамлекеттик университети, Ош шаары, Кыргыз Республикасы

Ачкыч сөздөр:

художественная речь, традиции, акыйнек, ценность, топ таш, киште, уюм тууду, древние, конные игры, стрельба джамби, соревнование скакунов, тыйын эңмей.

Аннотация

Улуттук оюндар – элдик тарбиянын ажыралгыс бөлүгү. Оюндар өспүрүмдөрдү элди, жерди, мекенди сүйүүгө, адептүүлүккө, эмгекчилдикке, акыл-эс түүлүккө, баатырдыкка, чечкиндүүлүккө тарбиялоодо элдик педагогиканын түбөлүк адатка айланган талабы болгон. Азыркы кезде да элдик оюндар жаштарды турмушка алгачкы даярдоо процессинин негизги фактору бойдон калууда. Бала тарбиялоо - адамдардын ата-энелик, ошондой эле атуулдук милдети. Ошондуктан ар бир ата-эне баласы төрөлгөн күндөн баштап, ага татыктуу тарбия берүүгө аракет кыла баштайт. Ымыркайды терметкенде бешик ыры ырдалат. Эмгектей баштаганда сал билек айтылат. Каз-каз туруп тамтаңдап баса баштаганда тушоо кесүү тою болот. Андан кийин наристеге улам эс кирип, акылы калыптана баштайт. Ошондон баштап ага эс-акылын өстүрүүгө көмөк берүүчү, баамчылдыкка, кыраакылыкка тарбиялоочу, ар түрдүү кыймыл-аракет аркылуу ден соолугун чыңдоочу, турмуштук көз карашын калыптандыруучу оюндар үйрөтүлө баштайт.

Шилтемелер

Алагушов Б. (2006). Бабалардын мурасы. – Б. – 233б.

Каразакова З.Ж. (2019). Улуттук дөөлөттөр. 2 – бөлүк. Улуттук дөөлөттөрдү өздөштүрүү

боюнча окуу куралы. – Ош. – 162б.

Каразакова З.Ж. (2019). Улуттук дөөлөттөр. 1 – бөлүк. Улуттук дөөлөттөрдү өздөштүрүү

боюнча окуу куралы. – Ош, – 162б.

Кыргызстан: Энциклопедия (2015). /Бишкек, ред. Ү.А. Асанов. – Б: – 643б.

“Элтаануу”: Тексттер топтому (2007). /Түз. Б.Кыдырбаева, Г.Токторбаева, Н.Турумбаева. – Б. – 212 б .

Жүктөөлөр

Жарыяланган

2023-12-18

Кантип шилтеме берүү керек

УЛУТТУК ОЮНДАР – КЫРГЫЗ МАДАНИЯТ БОРБОРУ. (2023). КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН КАБАРЛАРЫ, 5, 88-94. https://journal.uia.gov.kg/index.php/main/article/view/473