ТРАНСГУМАНИТАРДЫК ФИЛОСОФИЯ РЕАЛДУУ ДҮЙНӨГӨ ЖАҢЫ КӨЗ КАРАШ
Маселенин коюлушу
Ачкыч сөздөр:
Трансгуманитарная философия (ТГФ), интегральность, волновые и вибрационные характеристики мира, человек иной реальности, междисциплинарный характер дисциплины, объект, субъект, цели, задачи ТГФ, трансгрессия к Единому, профетизм, эпифания.Аннотация
Өткөн ХХ кылымдан айырмабыз – биз азыр ой жүгүртүүнүн башкача толкун жыштыгын баштан өткөрүүдөбүз. Генетикалык, биохимиялык, астрофизикалык жана коомдук илимдердеги ачылыштар философиянын өзөгүнө таасир берүү менен, анын түшүнүм аппаратын байытып жатат. Жер планетасынын толкун термелүү жыштыгы өсүп, адамдардын жашоо ишмердиги мурунку калыбынан өзгөрүп бара жатат. Ушундай шарттарда жаңы илимий багыттар пайда болуу менен, ойломдун учурга тиешелүү касиети изилденүүдө. Ошондой чалгындап-изденүү багытындагы илимий долбоор болуп биз илимий-философиялык коомчулукка сунуштап жаткан Трансгуманитардык философия (ТГФ) түшүнүмү эсептелет. Бул дефиниция көптөгөн илимдердин негизинде пайда болду. Алар: философия, теориялык физика, астрофизика, башка табигый илимдер, математика, социология, этнография, филология, саясат таануу, анын ичинде футурология жана геосаясат, маданият таануу, экология, медицина, биохимия илимдери.
Жаңы ченем көз караштагы инсан – таптакыр башка реалдуулуктун адамы. Ошондуктан, учурдагы башыбыздан өткөрүп жаткан кырдаал адаттагы сызыктан тыш көз караш менен калыптануучу, убакыт менен менен мейкиндиктин чен-өлчөмүн жаңыча караган концепцияны иштеп чыгууну өкүмдүк менен талап этүүдө. ТГФтин салттуу философиялык көз караштардан айырмасы – жаңы реалдуулукту таанууга багыт алган инсанат космикалык акыл-эс менен карым-катнашка умтулгандыгында. Жердик чен-өлчөмдөгү көз караштар ал өңүттөн алып караганда тар болуп, жаңычылдыкты кабылдоого каршы келип калат.
Албетте, рухий багыттагы илим-билимдер дагы четте калган жок. Алар: Манастаануу, дин таануу, байыркы Веданта, Индуизм, Даосизм, Теңиртаанууга жаңыча интегралдык көз карашты калыптандыруу.
ТГФтин практикалык багыттары катарында көздөгөнү – илимий-руханий форумдарды, семинарларды өткөрүү менен, жаңыча илимий-практикалык дүйнөтааным классификациясын байытуу болуп эсептелет. Ошондуктан бир канча перспективалуу ойлом багыттарын белгилөө менен, аларды санжаптоо (системалаштыруу) аркылуу методологиялык жактан иштеп чыгууну максат кылуудабыз.
Шилтемелер
Байбосунов К.С. Единое. Сознание. Творчество: духовные параллели физической эволюции мира. – Бишкек, «Турар», 2012.
Ашимов И.А. Сущность теней. Миф/Неомиф: опыт конструирования, символизации, семантизации, концептуализации, сакрализации, философизации (в рукописи). – Б, «Илим», 2021.
Гордина Л.С. Мировоззрение XXI века. Планетарный разум. Высшие технологии социальной жизни. Стратегическая интеллектуально-духовная инициатива. – http://new-humanity.narod.ru
Бакиров А.Б. Закон неразрывной связи двойственности систем, ЗНСДС (на трех языках). – Бишкек, Илим, 2022.
Каку Митио. «Гиперпространство: Научная одиссея через параллельные миры, дыры во времени и десятое измерение». Третье издание. – М., 2016.
Юваль Ной Харари. Homo Deus. Краткая история будущего. – М., 2018. https://www.litres.ru/book/uval-noy-harari/homo-deus-kratkaya-istoriya-buduschego-36300631/
Боконбаев К.Дж., Боконбаева А.К. От хаоса к порядку (учебное пособие). – Бишкек, 2020.