ЭКОЛОГИЯЛЫК ЭТИКА ЖАШОО-ТУРМУШТУН ФИЛОСОФИЯЛЫК ПАРАДИГМАСЫ КАТАРЫ
Ачкыч сөздөр:
экологическая этика, цивилизация, стратегия, нравственность, отвественность, культура, модельАннотация
Автордун аталган илимий макаласында экологиялык этика философиялык жана практикалык жактан каралып, анын адам менен табияттын өз ара байланышын, моралдык жоопкерчилик, адеп-ахлактык баалуулуктар жана жашоо багытын аныктоочу принциптерди кантип түзөрү талдоого алынат. Автор экологиялык этиканы теориялык түшүнүктөн практикалык жүрүм-турум моделине айлантуу зарылдыгын, ошондой эле жеке адамдын жашоо стратегиясын, коомдук милдеттерин жана цивилизациялык өнүгүү максаттарын интеграциялоо маанисин кенири баса белгилейт. Керектөөчү маданияттын чектөөлөрү, моралдык идеалдардын жана адамдын акыл-эстүү өнүгүүсүнүн ролу философиялык жана социалдык контекстте каралып гана тим болбостон, экологиялык этиканын келечектеги цивилизациялык жана маданий мааниси көрсөтүлөт. Андан тышкары аталган макалада адамзаттын туруктуу, гармониялуу жана адилеттүү жашоо куруусунда экологиялык ой жүгүртүүнүн орду ачылып берилет.
Шилтемелер
Гусейнов А. А. Философия как этический проект // Вопросы философии, 2014, № 5. 16–26 б.
Гегель Г. В. Ф. Лекции по истории философии. Кн. первая. СПб.: Наука, 1993. 352 б.
Рубинштейн С. Л. Человек и мир. СПб.: Питер, 2012. 224 б.
Ленин В. И. Партийная организация и партийная литература // Полн. собр. соч. М.: Изд-во полит. лит., 1968. Т. 12. 99–105-б.