Ferula conocaula өсүмдүгүнүн терпеноиддик кумариндери
Ачкыч сөздөр:
терпеноидные кумарины, экстракция, фракционирование, хроматография, химическая модификация, оптическая активность, флуоресценция, идентификацияАннотация
Макала Ош областынын жайлоолорунда өскөн Ferula Conocaula өсүмдүгүнүн терпеноиддик кумариндерин изилдөөнүн жыйынтыктарын камтыйт. Аталган өсүмдүк түрү Алай тоо кыркаларында кеңири таркалган. Байыртадан элдик медицинада: нерв, тери, тиш, аш казан ичеги оорууларын дарылоодо кеңири колдонулуп келген. Заманбап медицинада: бул өсүмдүктөн бөлүнүп алынган заттар жана порошок, эмульция, тундурмалары шамалдоодо, калтырап титирөөдө, нерв ооруларында, гинекологияда, какырык чыгаруучу ж.б. каражаттар катары колдонулат. Кыргызстанда өскөн Ferula Conocaula өсүмдүгүнүн химиялык курамын изилдөө боюнча маалыматтар жок. Ошондуктан биз Алай тоо кыркаларынын этегинде жайгашкан Ош областына караштуу Кара-Таш жайлоосунда өскөн бул өсүмдүктүн вегетациядан кийин казылып алынган тамырынын кумариндик курамын изилдөөнү баштаганбыз. Натыйжада терпеноиддик кумариндерге таандык төрт зат ажыратылып алынып, алардын бирөөнүн физико-химиялык касиеттери изилденип, мурда тажикстандын флорасында өскөн ушул өсүмдүктөн бөлүнүп алынган фероколин заты менен идентификацияланды. Ferula Conocaula өсүмдүгүнүн химиялык курамын изилдөө улантылууда.
Шилтемелер
Ботбаева М.М. Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсү (окуу китеп ЖОЖдор үчүн), -Б.:Ай-ат,2011. -572б.
Бабеков А.У., Саидходжаев А.И., Кенешов Б.М. - Сложные эфиры Ferula kuhistanica. - химия природных соединений., 2000, №2, с. 174.
Бабеков А.У., Кенешов Б.М., Саидходжаев А.И. Терпеноиды Ferula Litwinowiana. Химия природн. соедин. №3, “ФАН”. Ташкент, 1999. –С.405-406.
Бабеков А.У. Кенешов Б.М.Саидходжаев А.И. Терпеноидные кумарины Ferula Kokanica. Химия природн. соедин. №2, “ФАН”. Ташкент, 2000. –С.175
Бабеков А.У. Кенешов Б.М.Саидходжаев А.И. Ferula Litwinowiana өсүмдүгүнүн кумариндерин изилдөө. Вестник ОшГУ 2001, серия Естественные науки №2, -С. 45-46
Бабеков А.У. Кенешов Б.М.Саидходжаев А.И. Строение кухферинина. Химия природн. соедин. №6, “ФАН”. Ташкент, 2001. –С.502
Бабеков А.У., Кенешов Б.М.,Саидходжаев А.И. Строение феркухина. Химия природн. соедин. №2, “ФАН”. Ташкент, 2001. –С.169
Бабеков А.У., Кенешов Б.М.,Саидходжаев А.И., Мурзубраимов Б.М.Терпеноидные кумарины двух видов рода Ferula L. Наука. Образования. Техника, Ош, 2001, №1. -С, 26-27.
Кенешов Б.М., Бабеков А.У., Маткасымова К. Терпеноидные кумарины Ferula Kokanica. Тезисы докладов студенческой научно-практической конференции “Молодёжь-за престижное и элитное образование в XXI веке”.Ош, 2001. –С.47
Бабеков А.У.,Саидходжаев А.И., Мурзубраимов Б.М. Строение феркухинина. Химия природн. соедин. №3, “ФАН”. Ташкент, 2001. –С.247
З.А. Кулиев, Т.Х.Хасанов. Строение фероколина, фероколинина, фероколидина и фероколицина. Химия природн. соедин. №3, “ФАН”. Ташкент, 1978. –С.322-327