НАКЫЛ СӨЗДӨРДҮ КОЛДОНУУ МЕНЕН ОКУУЧУЛАРДЫН ТААНЫП-БИЛҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮКТӨРҮНҮН ЖАЛПЫ МАСЕЛЕЛЕРИ

Авторлор

  • Жумадилова Н.С.

Ачкыч сөздөр:

мудрые слова, познавательная деятельность, словарный запас учащихся, развитие речи, образование, знания, научные знания, афоризмы, цитаты, фольклор, народное устное творчество, дидактика, этнопедагогика, язык, загадки, скороговорки и т. д.

Аннотация

Бул макалада накыл кептерди колдонуу, окуучулардын таанып-билүү ишмердүүлүктөрүнүн жалпы маселелери, алардын сөз байлыгын, аң-сезимин өстүрүүдөгү, тарбия, билим берүүдөгү орду, ролу тууралуу маселелерди иликтөөгө аракеттер жасалды. Накыл сөздөрдү сабакта туура колдонуу окуучулардын таанып-билүү процессине активдүү катышуусуна шарт түзүп, алардын ойлонуу, салыштыруу, талдоо жана тыянак чыгаруу жөндөмдөрүн өстүрүүгө чоң салым кошот. Чыгармачыл таанып-билүү ишмердүүлүгүнүн мааниси билимди бекем өздөштүрүп жана терең ойлонуштуруусуна гана эмес, ошондой эле инсандын турмуштук көз карашынын калыптануусуна жана социалдык тажрыйба топтоосуна таасир этүүсүндө. Педагогдор окуучулардын таанып-билүү табиятын анализдөө менен катар психологиялык негиздерди да калыптандыруу маселесин колго алышат.

Шилтемелер

Абдыкеримова, А. Э. Көркөм сөздүн поэтикасы [Текст]: фил. илим. канд. дис. автореф.: 10.01.01. /А. Э.Абдыкеримова. – Каракол, 2003. – 23б.

Карасаев Х. «Накыл сөздөр», Ф., 1982, 1-китеби, Ф., 1987, 2-китеби.

Чыманов Ж.А. Кыргыз тилин эне тили катары окутуунун методологиясы, Б., 2015

Жүктөөлөр

Жарыяланган

2025-11-25

Кантип шилтеме берүү керек

НАКЫЛ СӨЗДӨРДҮ КОЛДОНУУ МЕНЕН ОКУУЧУЛАРДЫН ТААНЫП-БИЛҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮКТӨРҮНҮН ЖАЛПЫ МАСЕЛЕЛЕРИ. (2025). КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН КАБАРЛАРЫ, 6, 58-61. https://journal.uia.gov.kg/index.php/main/article/view/1016