КЫРГЫЗ ТЕРМИНОЛОГИЯСЫНЫН УЧУРДАГЫ КҮҢГӨЙ ЖАНА ТЕСКЕЙ ЖАКТАРЫ
Ачкыч сөздөр:
терминология, дискурс, кодификация, цифровизация, перевод, образование терминов, редакция, кунгей, тескейАннотация
Кыргыз терминологиясы учурда ченемдик-институттук жана практикалык-дискурстук факторлордун татаал, карама-каршылыктуу өзгөрүүлөрүнүн таасиринде активдүү өнүгүү баскычын баштан кечирүүдө. Коомдогу жүрүп жаткан жаңылануу, санариптештирүү жана ааламдашуунун шартында кыргыз тилинин терминологиялык системасы өз ара байланышкан, бирок көп учурда карама-каршы келген эки планда: кодификациялык жана коммуникативдик-практикалык жактан өнүгүп жатат. Ченемдик-кодификациялык чек терминологияны түзүүнүн жана жөнгө салуунун институттук деңгээлин чагылдырат. Ал мамлекеттик жана илимий түзүмдөрдүн, биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Терминкомунун, ошондой эле адистештирилген илимий-изилдөө институттарынын жана терминологиялык сөздүктөрдүн редакцияларынын ишмердиги аркылуу ишке ашырылат. Макалада терминдердин туруктуулугу, ачык-айкындуулугу жана стандартташтыруу багыттары боюнча талдоо жүргүзүлөт. Ошондой эле Кыргыз терминология комиссиясынын жаралуу тарыхы менен басып өткөн жолу, ишмердиги баяндалат. Өзгөчө учурдагы күнгөй-тескей маселелери комплекстүү каралат.
Шилтемелер
Атоолордун (терминдердин) орусча-кыргызча сөздүгү, Б. 2010. – 256 б.
Кошуева М. Ж. Вклад основателя киргизской лексикографии К. Тыныстанова в развитие литературного языка (по архивным материалам 1930–1937 гг.) / Бюллетень науки и практики. 2020. Т. 6. №3. С. 604–609.
Карасаев К. Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү, Фрунзе, 1983. – 576 б.
Карасаев К. Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү, Бишкек. 2009. – 639 б.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы, 4-том. Фрунзе, 1979. – 360 б.
«Кыргызстан» улуттук энциклопедиясы, 6-том. Бишкек, 2014. – 816 б.
Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. 1-2-том. Б.:2011. – 799 б.
Орузбаева Б. Ө. Кыргыз терминологиясы. – Фрунзе: Мектеп. 1983. – 167 бет.